Тынчтык Абылкасымовдун “Чек арада” тасмасы Ирандагы кинофестивалда сыйлыкка ээ болду

Режиссёр Тынчтык Абылкасымовдун “Чек арада” тасмасы Ирандын борбору Тегеран шаарында өткөн «Каршылык» Эл аралык кинофестивалында сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу “Кыргызфильм” киностудиясы маалымат таратты.

Белгилүү болгондой, тасманын сценарийин жазган Искандар Усмоновго “Кыска метраждуу тасманын эң мыкты сценарийи үчүн” сыйлыгы ыйгарылган.

Аталган фестиваль Ирандагы эң беделдүү фестивалдардын бири. Анын тематикасы: Терроризм, расизм жана согушсуз дүйнө.

Тасмада коңшу эки өлкөнүн чек арачыларынын туткунуна түшүп калган карыянын жашоосу чагылдырылат. Фильм 2019-жылы тартылган.

«Чек арада» тасмасы буга чейин Орусияда өткөн «АРТкино» фестивалында байгелүү орунга ээ болсо, Эл аралык «Link» кинофестивалында жеңүүчү деп табылган.