Тынчтык Абылкасымовдун “Чек арада” тасмасы Япониядагы эл аралык кинофестивалда коло байгеге ээ болду

Режиссёр Тынчтык Абылкасымовдун “Чек арада” тасмасы Японияда өткөн Meihodo эл аралык жаштар кинофестивалында коло байгеге ээ болду. Маалыматты SUPER TV`га режиссёр өзү тастыктады.

Маалым болгондой, аталган кинофестивалга жалпы 655 тасма катышкан.

“Дүйнө боюнча 600дөн ашуун тасманын арасынан менин тасмам 3-орунга ээ болгонуна дагы деле ишенбей турам. Таптакыр күткөн эмесмин. Абдан кубанып турам. Бул менин эмес, жалпы чыгармачыл топтун эмгеги” дейт ал.

Тынчтык Абылкасымов режиссёрлук кылган “Чек арада” тасмасына жакында эле Тегеран шаарында өткөн «Каршылык» кинофестивалында “Кыска метраждуу тасманын эң мыкты сценарийи үчүн” сыйлыгы ыйгарылган. Ага чейин Орусияда өткөн «АРТкино» фестивалында байгелүү орунга ээ болсо, Эл аралык «Link» кинофестивалында жеңүүчү деп табылган.