Түркияда 124 саат Манас айтып, Гиннесстин рекорддор китебине кирген Рысбай Исаковду кандай тосуп алышты?

Бүгүн, 5-октябрда “Манас-2” аэропортунда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, манасчы Рысбай Исаковду тосуп алуу аземи өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Аны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов баштаган өкүлдөр тосуп алды. Рысбай Исаков Түркиянын Бурса шаарында өткөн “Манас жумалыгынын” алкагында айтуучулук багыты боюнча дүйнөлүк Гиннесс китебине 124 саат убакытка Манас айтуу боюнча катталган. Гиннесс китебине катталгандыгы тууралуу расмий маалыматты Бүткүл дүйнөлүк Гиннесс китебинин Түркия жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча өкүлү тастыктап, ага Гиннесстин күбөлүгүн тапшырган.