Түркияда актёр Нуржаасын Жумагуловго ийгиликтүү операция жасалды

Эки бөйрөгү жабыркап, бирин алмаштыруу үчүн Түркияга кеткен актёр Нуржаасын Жумагуловго ийгиликтүү операция жасалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине актёр өзү билдирди.

«Буюрса баары жакшы»,- деди ал.

Эске салсак, июнь айынын башында Нуржаасын Жумагулов эки бөйрөгү иштебей, бир бөйрөгүн алмаштыруу үчүн каражат керек болуп жатканын айтып, элге жардам сурап кайрылган.