Түркияда «Баарын коюп Манасты айт» аттуу Манас жумалыгы өтүп жатат

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Түркияда «Баарын коюп Манасты айт» аттуу Манас жумалыгы өтүп жатат. Бул тууралуу төкмө акын Азамат Болгонбаев жазып, сүрөттөр менен бөлүштү.

Маалыматтарга караганда, Манас жумалыгы 21-сентябрдан 28-сентябрга чийин уланат. Ачылыш аземи кечээ, 21-сентябрда болуп өттү.