Түркияда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү (видео)

Түркиянын Изник шаарында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды жана расмий ачылыш аземи болуп өттү.

Көчмөндөр оюндарына кыргыз спортчулары да катышууда. Программага ылайык, бүгүн көк пар, ат үстүндө жаа атуу жана жаа атуу мелдештери өтүүдө. Аны менен катар оюндар өтүүчү аймакта түрк дүйнөсүнүн кол өнөрчүлүгү, тамак-аштардын жарманкеси, элдик сейилдөөлөр жана чакан концерттик программалар менен коштолууда.

Салтанаттуу ачылышка президент Садыр Жапаров жубайы менен катышты. Аземде кыргыз жигити Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга суу куюлган идишти тапшырды. Бул менен көчмөндөр оюндарынын өткөрүү кезегин кыргыздар түрктөргө  тапшырганын билүүгө болот. Андан соң түрк өлкө башчысы сөз сүйлөп, аземди расмий түрдө ачып берген соң аземдин маданий бөлүгү башталды.