Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев катышты. Кыргыз Республикасынын тарыхындагы урунттуу окуялар, тарыхый жерлер жана жаратылышты камтыган бул көргөзмө Түркиянын бардык шаарларында жыл ичинде улантылып көрсөтүлөт. Көргөзмөдөн соң министр Түркиянын жазуучу, окумуштуулары жана ТҮРКСОЙдун жамааты менен жолугушту. ТҮРКСОЙдун баш катчысынын орун басары Билал Чакыжы буга чейинки жасалган иштер жана 2021-жылы биргеликте белгилей турган иш чаралар тууралуу маалымат берди. Министр өз сөзүндө ТҮРКСОЙ менен Түрк дүйнөсүнүн орток инсандарын таанытууга, маданияттар аралык тажрыйба алмашууларды жакшыртууга, фестиваль, форумдарды уюштурууга басым жасалаарын айтты.
Түркияда Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды
Түркия мамлекетинин Анкара шаарында жайгашкан ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун имаратында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган фото жана сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
- Categories: МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
Related Content
Мерген Турган Германияда жеке концертин берди (видео)
Автор
Эдита Ильясова
10:00 29.04.2024
Ырчы Аида Багышбекованы эми тасмадан көрөбүз (видео)
Автор
Эдита Ильясова
17:52 24.04.2024
Турмуш жолуна аттанып жаткан Айзада Жамгырчиева көпчүлүктү кызыктырган суроолорго жооп берди
Автор
Эдита Ильясова
17:39 19.04.2024
Ырчы Роза Рымбаевага "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамы берилди
Автор
Эдита Ильясова
16:04 19.04.2024
Актёр Чыңгыз Максүтов менен блогер Айдина Турдалиева ата-эне статусуна ээ болушту
Автор
Эдита Ильясова
09:19 19.04.2024