Түркияда Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрү өтөт

26-29-ноябрь күндөрү Түркияда Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Маданият күндөрү Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына, Түркия Республикасынын 100 жылдыгына жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналат. Чыгармачылык делегацияны Маданият министри Алтынбек Максутов жетектеп, бир катар маданият тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү жана эл артисттери барат. Программа боюнча Маданият күндөр Түркиянын Анкара жана Анталья шаарларынын маданий мекемелеринде өтөт.

Маданият күндөрдүн программасынын долбоору:

26-ноябрь
— Анкара сүрөт жана айкел музейинде Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүнүн алкагында кино күндөрүнүн расмий ачылышы;
— Анкара Чоң театрында Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүнүн расмий ачылышы.
27-ноябрь
— Анкара сүрөт жана айкел музейинде Кыргыз кино күндөрүнүн уланышы;
— Анкара шаарынын Гази университетинде «Кыргыз-түрк маданий жана адабий байланышы» аталышындагы конференция.
29-ноябрь
— Анталья шаарындагы Хашим Ишжан маданий борборунда Кыргыз киносунун күндөрүнүн уланышы жана Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүнүн расмий жабылышы өтөт.