Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтүп жатат(сүрөт)

Кечээ, 26-ноябрда Түркиянын Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын маданият күндөрү расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Ал Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына, Түркия Республикасынын 100 жылдыгына жана кыргыздын залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналды.

Салтанаттуу иш-чарага Маданият министринин биринчи орун басары, Түркиянын Маданият жана туризм министринин орун басары, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси, атайын чакырылган расмий меймандар, Кыргызстандын жана Түркиянын маданият жана искусство чеберлери, Түркияда жашаган кыргыздар жана мекендештер катышты. Маданият күндөрү Анкара Чоң театрынын фойесинде Камбаркан фольклордук-этнографиялык ансамбли улуттук ыр-күүлөрдү ойноп, ага коштоп улуттук кийим кийген кыз-жигиттер, чебер кол өнөрчүлөрдүн жана кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринин жана кыргыздын улуттук даам-азыктары көрсөтүлдү. Адан соң, маданият күндөрүнүн салтанатуу бөлүгүндө Кыргызстан тууралуу видео тасма тартууланып, театралдаштырылган оюн-зоок менен уланды.