Түркиядагы жер титирөө. «Мүмкүнчүлүк болсо, бала багып алсам жакшы болмок» дейт Роза Азимбаева

SUPERTV’да конокто актриса Роза Азимбаева. Актриса менен бул интервьюда сүйүү, жалгыздык, бакыт тууралуу сүйлөштүк. «Ичимде жаракатым бар. Ата мээримин көрбөй чоңойдум» деген анын маегин сунуштайбыз.

«Көптөн бери кыз багып алсамбы деп ойлонуп жүргөм. Бирок көптөр «сен жашсың, төрөп албайсыңбы?» деп жатышат. Мен бул чечимди Түркиядагы кырсыктан кийин ойлонгом, анткени күндө ата-энеси каза болуп калган наристелердин видеолору чыгып жатат. Кырсыкты ойлонуп, стресске кабылам. Буга чейин эле ойлор келчү, Түркиядагы зилзала ошону эстетти. Эгер мүмкүнчүлүк болсо багып алсам, жакшы болмок деген ой келди», — деди ал.