Түркияга дарыланууга кеткен ырчы Мирбек Иманбеков Бишкекке келди

Эки жума дарылануудан соң, Мирбек Иманбеков мурункудай өзүнө келип, айыгат деп айтышты. Бул тууралуу ырчы Анжелика соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Бишкекке кайтып келишиң менен! Ушул сүрөткө түшүп жатканда жакшы кабар менен баракчага жүктөйбүз деп сүйлөшкөнбүз. Чыгармачылыктагы коллегалар Стамбулга текшерүүгө барыш керек болгондо ынтымакта акча топтоп беришти. Ар бирин Мирбек атап, айтып, ыраазы болууда. Эми жакшы кабар уккан соң, тойлорго Мирбекти чакырып, колдоп, чыгармачылыгына жардам берели», — деп жазды ал.

Буга чейин ырчынын жубайы анын катуу ооруп жатканын социалдык тармактагы баракчасына жазып, мекендештерден дуба кылып коюуну суранган. 29-сентябрда Түркияга дарылануу үчүн учуп кеткен. Кийин анын абалы жакшы экени, операция жасалбары маалым болгон.