Түркиялык актёр Бурак Озчивит Москвага келип, күйөрмандарын чууга салды (видео)

Популярдуу түрк актёру Бурак Озчивит 23-июль күнү Москвага келип, күйөрмандарын кубантты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, актёр Эльман жана Mona`нын «Кара сүйүү» деп аталган ырынын бет ачарына келген. Күндүз Озчивит Кызыл аянтта сейилдеп, кечинде Москвадагы элиталык ресторанга күйөрмандары менен жолугуу кечесине барган. Видеодо көрүнүп тургандай элиталык ресторанга чогулган айымдар актёрду унутулгус эмоциялар, кыйкырык-бакырык, кол чабуулар менен тосуп алышкан.

Mona жана Эльман аттуу ырчылар Бурак Озчивит тартылган сериалдын атынан коюлган «Кара сүйүү» ырын презентациялагандан кийин актёр сахнага чыгып, күйөрмандарын ызы-чуу түшпөөгө чакырып, каалоочулар менен сүрөткө сөзсүз түшөрүн айткан. Бирок анын суранычын укпай күйөрмандары чуу түшүп башаламандык башталганда актёрду жан сакчылары залдан алып чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.