Түркиялык актриса Фахрийе Эвжен төрөтканадан чыкты

Бүгүн, 21-январда түркиялык актриса Фахрийе Эвжен төрөтканадан чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, актриса 18-январда көз жарган. Экинчи ирет ата-эне болушкан актёр Бурак Өзчивит менен актриса Фахрийе Эвжен уулун Керем деп аташкан. Актрисанын журналисттерге айтып бергенине караганда, экинчи уулу тун баласына окшош.

«Боз торгой» сериалынан кийин популярдуу сүйүшкөндөргө айланган түгөйлөр 2017-жылы баш кошушуп, 2019-жылы уулу Каран төрөлгөн. Өткөн жылдын декабрь айында актриса кош бойлуу экенин жарыялаган болчу.