«Учурунда апам бизди кыйналып багып, темселеп калган учурда карабай койгон атама таарынып жүрдүм» дейт Арген Эсенбай уулу

«Тамакка той, салатка той» деп тойду өзгөчө алып барган тамада Арген Эсенбай уулу унаасы менен тааныштырды. Ошондой эле бир кезде мамлекеттик кызматта иштеген Арген мырза белчесинен карызга батып, депрессияга катуу кирген учурлары тууралуу айтып берди.

«Биздин балалык кыйын өттү. Апам жалгыз чоңойтту. Мен азыр атамды аябай деле жакшы көрбөйм. Учурунда апабыз кыйналып бизди багып, темселеп калган учурда карабай койгон. Апам экөө урушса мейли, бирок кичинекей бизде эмне күнөө. Мен атамдан жакшы сөз күтчүмүн. Таарынып жүрдүм. Кичине динден түшүнүк алып калгандан кийин, «таарынганга укугум жок турбайбы» деп ийилип калдым. Атама жакшы жол тандабас берип, ал-акыбалын сурап турам. Анын өз үй-бүлөсү бар. Үйүнө барганда көрдүм. Чоң-чоң балдары бар экен. Баары бир бир тууганбыз да. Мени ошолордой көргөнүнө ыраазы болдум. Ал киши экөөбүздүн ортобузда сый мамиле болбойт экен»,- деди ал.