Уилл Смит эмне үчүн көзүнө жаш алды? Оскар-2022: Жеңүүчүлөр белгилүү болду

Лос-Анжелесте америкалык «Оскар» киноакадемиясынын сыйлыгын тапшыруу аземи 94-ирет болуп өттү. Анда «CODA: Дүлөй ата-эненин баласы» эң мыкты тасма аталып, андан тышкары аталган фильм үч наамга көрсөтүлүп, анын баарында жеңип чыкты.

Эң мыкты режиссер наамын «Иттин бийлиги» тасмасы менен Жейн Кэмпион алды. «Падыша Ричард» тасмасында жараткан ролу менен Уилл Смит эң мыкты актёр аталды. Смит үчүн бул америкалык киноакадемиясынын алгачкы сыйлыгы да болуп калды. Эң мыкты актриса деген наам «Тэмми Фэйдин көздөрү» фильминдеги ролу менен Жессика Честейнге ыйгарылды.

Экинчи пландагы ролдорго келсек, актрисалардын арасынан «Вестсайд окуясы» тасмасындагы ролу менен Ариана ДеБос мыкты болуп аталса, актёрлордун ичинен «CODA: Дүлөй ата-эненин баласы» фильминдеги ролу аркылуу Трой Коцур статуэтка алууга татыктуу болду.

Эң мыкты толук метраждуу анимациялык фильм «Энканто» деп аталды. Эң мыкты кыска метраждуу анимациялык тасма үчүн сыйлыкты «Терезе жуугуч» илип кетти.