Уилл Смиттин алпаруучунун жаакка чаап жибергени «Оскардын» рейтингин көтөрдү

Бүгүн, 28-мартта Голливуд актёру Уилл Смиттин алпаруучу Крис Рокту жаакка чаап жибергени «Оскардын» рейтингин көтөрдү. Сыйлык тапшыруу аземинде орун алган дал ушул окуянын өзү да чоң талкууну жаратып жаткан кези.

Берүүнүн рейтинги жаакка чаап жибергенден кийин 9,6 миллион көрүүчүдөн 17,4 миллионго чейин өскөн. Америкалык киноакадемия бул окуя тууралуу үн катып, зомбулук кабыл алынгыс экенин билдирди.

Алпаруучу Крис Рок «Эң мыкты даректүү тасма» үчүн сыйлыктын ээсин жарыялоо алдында Уилл Смиттин жубайы Жада Пинкетт-Смиттин кыска болуп кыркылган чачын тамашага алмакчы болгон. «Жейда, сени жакшы көрөм, сени «Жоокер Жейн» тасмасынын экинчи бөлүгүнөн көрүүнү чыдамсыздык менен күтөм» деген алпаруучу аны аталган фильмдеги чачы кырдырылып тартылган Деми Мурдун персонажына салыштырган. Бул тамаша орунсуз эле. Анткени Уилл Смиттин жубайы аутоиммундук оорудан жабыркап келет жана андан жапа чеккендердин чачы түшөрү маалым. Жада Пинкетт-Смит башында бул дартын жашырып келгени менен жакындан бери ачык айтып калган.

Алпаруучунун сөзүнөн кийин Уилл Смит сахнага чыгып, Крис Рокту жаакка чаап жиберди. Кайра ордуна келген соң, атактуу алпаруучуга «аялыма тийбе» деп кыйкырган. Бир сааттай өткөн соң, Уилл Смит өзүнүн биринчи «Оскарын» алуу үчүн сахнага чыгып, бир топко жана эмоцияга алдырып сөз сүйлөдү. Анда атактуунун көзүнөн жаш агып, актёр эмне үчүн кол көтөрүп жибергенин түшүндүрүүгө аракет кылды. Ал өзүнүн миссиясы катары жакындарын коргоону көрөрүн айтып, сөзүнүн соңунда атактуу академиядан жана башка сыйлыкка көрсөтүлгөндөрдөн кечирим сурап, бирок алпаруучудан сураган жок.