Улукмырза Полотов 80 жаш юбилейин шакирттери менен тосту

Кечээ, 3-октябрь күнү Кыргыз Эл артисти, профессор, III даражадагы “Манас” орденинин ээси Улукмырза Полотовдун 80 жылдык юбилейине карата “Улуу устат Улукмырза” аттуу шакирттеринин коштоосундагы маараке концерт өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
«Концерттин жүрүшүндө Улукмырза Полотовдун ырларын шакирттери жана шакирттери менен өзү ырдады. Кыргыз сахнасындагы ырчылардын 80-90 пайызы анын шакирттери», — деп айтылат маалыматта.
Улукмырза Полотов 1943-жылы 3-октябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Улук деген айылында туулган. Ал Муратаалы Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайын, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин бүтүргөн.

Педагогикалык жана чыгармачылык ишмердиги студент кезинде эле башталган. Ал 1994-жылдан баштап азыркы кезге чейинки аралыкта Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында окутуучу, Кыргыз мамлекеттик Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын солисти болуп иштеген. Жогорку музыкалык окуу жайлары үчүн элдик ырдоо программасын жана методикасын иштеп чыккан. Элдик устат-шакирт салттарына жана дүйнөлүк академиялык стандартка таянган методикага негизделген автордук мектепти түзгөн. УТРКнын Алтын казынасынын фондусунда анын аткаруусунда 100дөн ашуун ыры бар.