Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жолу каралууда

Кечээ, 25-майда Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов улуттук кино индустриясын өнүктүрүү боюнча чыккан жарлыкты улай кино ишмерлери менен жыйын өткөрдү. Иш-чарага кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев, Төлөмүш Океев атындагы Кыргыз Улуттук киностудиясынын директору Акжол Бекболотов, Кинематографисттер союзунун төрагасы Айбек Дайырбеков жана башка белгилүү кино ишмерлери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө төмөндөгү учурлар сөз болду:

— улуттук кинофильмдерди, сериалдарды, анимациялык фильмдерди өндүрүү үчүн каржылоо;
— рыноктук принциптердин негизинде улуттук кинематографияны мамлекеттин колдоо системасын өркүндөтүү, өлкөгө чет жактагы кинокомпанияларды тартуу жана биргелешкен кинофильмдерди, сериалдарды жана анимациялык фильмдерди өндүрүүнү өнүктүрүү;
— киноиндустрияны өнүктүрүү, заманбап жана жогорку технологиялык материалдык-техникалык базасы бар инфратүзүмдү калыптандыруу.

Мындан сырткары, кинематография чөйрөсүндө кадр даярдоо, чыгармачыл ишмерлердин жана техникалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуунун натыйжалуу системасы, кинопрокат системасын өнүктүрүү жана улуттук фильмдерди, сериалдарды жана анимациялык фильмдерди дүйнөлүк кино рынокто илгерилетүү үчүн шарттарды түзүү каралды. 2023-жылдан баштап ар жылы Бишкек эл аралык кинофестивалын өткөрүү, жогорку билим берүү мекемелеринде «Кинематография» багыты боюнча окуп жаткан студенттерди колдоо максатында мамлекеттик стипендияны уюштуруу, өлкөнүн инвестициялык шарттарын жакшыртуу үчүн Кинематография департаментинин түзүмүндө кинокомиссиянын иш алып баруусу сындуу бир катар маселелер киноишмерлеринин талкуусуна коюлду.