Улуттук тарых музейине алтынга ширетилген комуз тапшырылды (сүрөт)

12-августта Улуттук тарых музейинде алтынга ширетилген комузду музейге тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган музейден билдиришти.

«Кыргыздын чертме аспабынын туу чокусу болгон комузду алтынга ширетүү идеясын 2015-жылы меценат Ниязбек Айбашев ишке ашырып, алгачкы алтын комузду Ош шаарында «Ак тандай» фондунун негиздөөчүсү Абдибали Акимбеков уюштурган айтышта 1-орунду алган акынга тапшырган. 2021-жылы Оштогу Сулайман-Тоо улуттук музейине да алтын комуз тапшырылган. Дагы бир алтын комуз ушул жылдын 13-августунда «Ынтымак» паркында өтө турган айтышта 1-орунга чыккан акынга тапшырылат. Жалпысынан Ниязбек Айбашев алтынга ширетилген 5 комуздун жасалышына демөөрчүлүк кылган. Анын бири бүгүн Улуттук тарых музейине коюлду. Музейге коюлган комузду өрүктөн залкар уста Маратбек Берикбаев жасаган. Комузду алтынга уста Али Мамарасулов ширеткен»,- деп айтылат маалыматта.