«Уул же кыз экенин биле элекпиз». Ырчы Кызсайкал Кабылова кош бойлуу экенин ачыктады

Ырчы Кызсайкал Кабылова менен жолдошу наристе күтүп жатканын ачыкташты. Ырчы кубанычтуу жаңылыгын социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.

«Мындай кубанычтуу жаңылыгыбыз менен бөлүшпөй койгон болбой калат го. Инстаграмдагы досторум экинчи үй-бүлө сыяктуу эле болуп, жакын болот экен. Азыркы убакта быйтыктын ичимде тебингени, күндөн-күнгө чоңойгонун сезип бактылуу болуп жаткан убагыбыз. Бул күндү биз да аябай күттүк. Альфия чоңоюп калыптыр, ичимди кармап «бопашым менин» деп эркелетип, күтүп жатат. Мирлан улуубу же Мирлан кызыбы азырынча биле элекпиз», — деп жазды ал.

Ырчы Кызсайкал Кабылова 2022-жылы турмушка чыккан. Анын Альфия аттуу кызы бар.