«Уулдарын үйлөнтүп, небере көрсө болмок» дейт Азиз Мурадиллаевдин жубайы

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин бул дүйнөдөн өткөнүнө 3 айдан ашты. Сахнада жана кинодо жылдызы жанган кайталангыс таланттын артында калган жубайы Элвира Жумалиева жолдошу менен таанышкан күндөн тартып анын өмүрүнүн акыркы көз ирмемдерине чейин айтып, көзүнө жаш ала эскерди.

«Балдар Азиздин тамак жасаганын каалашчу. Тамакты абдан жакшы жасайт эле. Балдарга каалаган тамагын жасап берчү. Ооруканага түшкүчө күнүгө тамак жасап, «балдарым жесинчи» деп калган. Уулдарынын үйлөгөнүн көрсө болмок, тоюнда турса болмок. Неберелерин көрсө болмок. Жок дегенде, 5 жыл жашаса болмок. Куса деген жаман экен. Экинчи ал адамды көрбөйсүң, аны билесиң...» — деди жубайы.