«Уулум «өзүмдүн бөлмөм болсо» деп кыялданып жүрчү». Алып баруучу Назира Айтбекова экинчи ак өргөөсүн алды

Алып баруучу жана актриса Назира Айтбекова экинчи ак өргөөсүн алды. Ал бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өзү тастыктады.

Анын айтымында, биринчи үйүн апасына белек кылган. «Ажырашкандан бир жылдан кийин үй алгам. Аны оңдоп-түзөп, апамдын атына жаздырып бергем. Анан уулум «өзүмдүн бөлмөм болсо» деп кыялданып жүргөн. Уулумдун кыялын ишке ашырып, 2 бөлмөлүү үй алдым. Буюрса, үйүбүз салынып жатат», — деди ал.