V Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Казакстанда өтүшү мүмкүн

Казакстан кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө арыз бергенин парламенттин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушуусунда билдирди.

«Мажилистин төрагасы Казакстан кезектеги V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө арыз бергенин айтып, түрк коомчулугу бул сунушту колдойт деген ишенимин билдирди», — деп билдирди парламенттин басма сөз кызматы. Бешинчи Көчмөндөр оюндары 2024-жылы өтүшү керек.