Вайнер Данияр Токтомаметов үйлөндүбү?

MC Doncha каймана аты менен таанымал блогер Данияр Токтомаметов социалдык тармактагы баракчасына ак жоолук салынган бийкеч менен сүрөт жүктөп, талкууга жем таштады.

Анын жакын тааныштары аларды куттуктап жатышат, бирок айрым колдонуучулар бул тартуу иштери учурунда түшүп койгон сүрөт болушу мүмкүн экенин жазышууда.

Азырынча өзү менен байланышуу мүмкүн болгон жок.