Вайнер Эмил Токтошев: «Кафеме бир канча жолу ууру кирди. Алардын көбү өспүрүм жигиттер»

Кафеме бир канча жолу ууру кирди. Милицияга берген күндөрүм да болду. Бербегендерим да болду. Бул тууралуу вайнер Эмил Токтошев маек учурунда билдирди.

«Өзүм кармагандарым да болду. Алардын көбү өсүп келе жаткан жигиттер. Кыска ойлонуп алгандар. Бир жолу жаш бала ууруга кириптир, анан турган камераны колундагысы менен тешип салды. Ал камераны бузуп салсам эле тартылбай калат деп ойлоду да. Ага чейинкилеринин баары тартылып калган. Милиция кармаган соң, көрсөтсөм «мен тартылбайт экен деп ойлогом» дейт. Айла жок жинденип жатсаң да күлөсүң»,- дейт ал.