Вайнер Медер Нуркадыров сүйүктүүсү Нуриза Бектурованын колун сурады

12-январда вайнер Медер Нуркадыров менен актриса Нуриза Бектурова баш каармандын ролун аткарган «Супер малина» тасмасынын жабык көрсөтүүсү орун алды.

Фильм көрсөтүлүп бүткөн соң тартуучу топ сахнага чыгып, көрүүчүлөргө тааныштырылды. Дал ушул учурда чыныгы жашоодо да кыз-жигит болгон Медер сүйүктүүсү Нуризанын колун сурап, шакек салды. Нуриза Бектурова турмушка чыгууга макулдугун билдирди.

«Супер малина» тасмасында бири-бири менен түшүнүгү туура келбеген кыз-жигитке профессор атайын иштеп чыккан малинаны жедирип, экөөнүн ордун алмаштырып коёт. Тасма алардын кийинки жашоосу кандай болот деген суроонун алкагында уланат.