Валентина Шевченконун лезгинканы тытып жаткандагы видеосу

Социалдык тармактын колдонуучулары UFC уюмунун учурдагы чемпиону Валентина Шевченконун лезгинканы тытып жаткандагы видеосу менен бөлүшүп жатышат.

Маалыматтарга караганда, видео 6-ноябрда ал Түзөтүү мекемелерин коргоо жана соттолгондорду коштоп жүрүү департаментине барганда тартылган. Анда Шевченко жоокер менен бирге аскер кызматкерлеринин алдында лезгинка бийлеген.