Ван кыргыздары колдонгон жана жасаган буюмдардын көргөзмөсү өттү

Кечээ, 16-майда Улуттук тарых музейинде “Эбегейсиз ушул күндө, Этникалык кыргыз дүйнө” аттуу кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү өттү. Анда Түркиянын Ван аймагындагы Уулу Памир айылынан усталары жана кол өнөрчүлөрүнүн колунан жаралган буюмдары коюлду. Көргөзмөгө катышуу үчүн вандык кыргыздардын атайын тобу Кыргызстанга келишкен.
“Аталар изи” коомдук фондунун жетекчиси Асел Калканова аталган кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүн этникалык кыргыздардын сакталып келген мурасын чогултуу, коомчулукка жакындан тааныштыруу, жайылтуу максатында уюштурганынын айтып өттү. Аталган көргөзмө “Аталар Изи” коомдук фонду тарабынан Маданият министрлигинин жана эл аралык “Руханият” ассоциациясынын колдоосу менен болду.