Вера Брежневанын Бишкектеги концерти өтпөй турган болду

Бишкекте украиналык ырчы Вера Брежневанын концерти техникалык себептерден улам болбой калды. Бул тууралуу ТАСС агенттигине Спорт ордосунун администрациясынын өкүлү билдирген. 

«Брежневанын концерти техникалык себептерден улам токтотулду. Акчасын кайтарууну каалагандар арыз жазып же Брежневанын билеттерин 2-мартка белгиленген «Рефлекс» тобунун билеттерине алмаштырса болот», — деп билдирди мекеменин администрациясы.

Брежневанын концерти 18-февралда Бишкектеги Спорт Ордосунда өтүшү керек болчу.