«Видеону кесип алып, монтаждап жаткандарды өз абийирине койдук». «Манас» театрынын жетекчиси сын тууралуу үн катты

«Рысбай Исаков 112 сааттан бери Манас айтып жатат. Адам болгон соң чарчайт экен». Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине «Манас» театрынын жетекчиси Азиз Биймырза уулу билдирди.

«130 саатта токтойбуз дегенбиз. Бир нече сааттардан кийин 130 саат болот. Манасчы сюжеттен чыккан жок. Абалы да жакшы. Түнү менен Манас айткан киши чарчайт экен. Чарчап калган соң тексттер кошулуп кетсе керек. Протоколдор толтурулуп жатат. 8 адам калыстык кылууда. Кыдырын кетирели дебейбиз. Ал эми видеону кесип алып, монтаждап, кийин шантаждап жаткандарды өз абийирине койдук», — деди ал.

Буга чейин Кыргызстандан чыгып кеткен манасчы Дөөлөт Сыдыков Түркиядагы Манас жумалыгында 3 күндөн бери Манас айтып жаткан Рысбай Исаковду сындаган.