«Винни-Пух» тууралуу коркунучтуу тасма тартылды

Улуу Британияда «Винни-Пух жана анын достору» мультфильминин негизинде коркунучтуу тасма тартылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Британдык жазуучу Алан Милндин Винни-Пух тууралуу китебинин негизинде тартылган коркунучтуу тасмага Риз Уотерфилд режиссёрлук кылган. Тасма «Винни-Пух: кан жана бал» деп аталып, 10 күн аралыкта тартылган.

Маалыматка ылайык, Виннинин ролун америкалык актёр Крейг Дэвид Доусетт, ал эми анын курбусу Пятачокту (чочко) «Чаки» сериалынын жылдызыд Крис Корделл ойногон.