“Визажисттер таймашына” катышып жаткан кыргызстандык Байнур долбоордо Дача-СУдагы кырсык тууралуу айтты

Кыргызстандык визажист Байнур дүйнөгө белгилүү визажист Гоар Аветисяндын Москва шаарында өтүп жаткан “Визажисттер таймашы” долбооруна катышууда.

Гоар Аветисян сынактын катышуучуларын беш күндүк марафон аркылуу тандап келет. Тагыраагы, өзү бир образда боёнуп сүрөтүн баракчасына жүктөйт. Ага окшош боёнуп, жеке баракчаларына жүктөгөн миңдеген талапкерлердин арасынан 12 адамды тандап алат.

Бул ирет дал ошол 12 катышуучунун арасына кыргызстандык визажист илешкен.

Долбоордун шарты боюнча, катышуучулар уюштуруучулар тарабынан берилген тапшырмаларды аткаруу керек. Алардын арасынан улам четтетилип отуруп, соңунда бир гана жеңүүчү калат. Кыргызстандык Байнур долбоор учурунда өзү тууралуу баяндап берген. Анда ал Дача-СУ аймагындагы кырсык учурунда ошол жерде болгонун айткан.

“Дача-СУга туугандарымдыкына баргам. Эртеси учак кулап, инилеримди, карындашымды жоготтум. Өзүм жаракат алып, бир ай ооруканада жаттым. Андан соң балдак менен басып жүрдүм. Бул окуя моралдык жактан да чоң сокку болду. Андан кийин жашоого болгон көз карашым өзгөрдү. Көрсө күтүлбөгөн учурда эле жашоо менен кош айтышып калышыбыз мүмкүн экен. Ушундан улам өзүмдүн максаттарыма жетүүнү көздөдүм. Биздин менталитетте эркек адамдын визажист болуусу өөн көрүнүш. Жакындарым да буга каршы чыгышкан. Эми мен көздөгөн максатка жетүүгө болоруна ынандым”, — деген ал.

Байнур буга чейин SUPERTV`га визажисттик кесиби тууралуу айтып берген. Төмөндө көрүү үчүн шилтеме: