«Үч кемпир» тасмасынын режиссёру: «Мен Баткен жериндеги элимдин жүрөгүн оорутуп алам деп ойлогон эмесмин»

Мындан үч күн мурда YouTube’да «Үч кемпир» деген аталыштагы фильм жарык көрүп, чыккандын эртеси коомчулуктун талкуусуна түштү. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары тасмадагы баш каармандын образына сын айтып, макул эместигин билдиришсе, дагы бир тобу туура маселе чагылдырылган деп баа беришүүдө. Аталган тасманын сценаристи, режиссёру жана баш каармандын ролун ойногон Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиева менен маектештик.

«Мен Баткен деп деле жазбайт элем. Айыл жергесинен келген айымдын шаарда отурган байбичелерден деңгээли жогору, тигилерге да шык берип, аларды ордунан тургузуп, анан өз айылына барган айым эле. Караматтын образы бала кыял, апенди чалыш образ болуп жасалган. Мен үч уктасам да түшүмө кирген эмес, ушул менен Баткен жериндеги элимдин жүрөгүн оорутуп алам деп ойлогон эмесмин»,- деди ал.