«Үй-бүлөсү кыйналып жатыптыр». Депутат актёр Чыңгыз Мамаевди үй камагына чыгарууну суранды

Депутат Нуржигит Кадырбеков Жогорку Кеңештин жыйынында зордуктоого шектелип, камакта жаткан актёр Чыңгыз Мамаевди үй камагына чыгарууну суранды.

«Убагында бир туура эмес иш кылды, айып кылды» деп чет өлкөлүк айым арыз жазган. Бирок арызы сотко жеткенче, өзү өлкөдөн чыгып кетиптир. 8 айдан бери ал түрмөдө жатат. Үй-бүлөсү кыйналып жатыптыр. Бирок аял эскспертизадан өтүүдөн баш тартыптыр. Жаранды үй камагына чыгарып берсеңиздер. Ал мойнуна алган жок. Ушул ишти карап бериңиздер»,- деди ал.