«Үйдө жалгыз» тасмасынан таанымал болгон Маколей Калкин Голливуддагы Даңктуулардын аллеясынан жылдызчалуу болду

«Үйдө жалгыз» фильминдеги ролу үчүн популярдуу болгон Маколей Калкин Голливуддагы Даңктуулардын аллеясынан аты жазылган жылдызчалуу болду.

43 жаштагы актёр бул иш-чарага жубайы жана эки уулу менен келди. Ошондой эле иш-чарада 69 жаштагы актриса Кэтрин О’Хара болду, ал «Үйдө жалгыз» тасмасында Кевин Маккалистердин апасынын ролун ойногон.