«Ынтымак» паркында жылдызы жанган Бегимай Турусбекова стилин өзгөрттү (видео)

«Ынтымак» паркында ырдап бир түндө жылдызы жанган Бегимай Турусбекова кийинүү стилин өзгөрттү. Анын соцтармакка жүктөгөн видеосу күйөрмандарынын суктануусун жаратты.

Соцтармак колдонуучулары кийген кийими өзүнө абдан жарашканын, стилдүү айымга айланганын жазышты. «Стили өзгөчө болуптур», «Образы өзүнө абдан жарашыптыр», «Эң негизгиси жоолугун чечпептир» деген пикирлер айтылууда.