«Ынтымак» паркында жылдызы жанган Бегимай Турусбекова тасмага тартылууга сунуштар түшүп жатканын билдирди

«Ынтымак» паркында ырдап бир түндө жылдызы жанган Бегимай Турусбековага тасмага тартылууга сунуштар түшүп жатат. Бул тууралуу ал өзү СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги байланышканда билдирди.

«Азыр 2 тасмага тартылууга сунуш түшүүдө. Мен учурда ойлонуп жатам. Эгер тасма менин жашоом тууралуу болсо, анда тартылам, болбосо баш тартышым мүмкүн. Ал үчүн биринчи тасма тартуу тобу менен жолугуп, сүйлөшүп, эмне болгон роль экенин, сценарийди окуп көрүшүм керек», — деди ал.