«Үнү жок 5 ырчы үчүн кабыл алынган». Акбар Сүйүнбаев фонограммага тыюу салуу боюнча үн катты

Ырчы Акбар Сүйүнбаев 1-январдан тарта күчүнө кирген фонограммага тыюу салуу мыйзамы боюнча үн катты.

«Үнү жок беш ырчы үчүн кабыл алынган фонограмма мыйзамы башка таланттуу, маданият өкүлдөрүнө тиешеси деле жок! Кыргызстанда андан башка толгон-токой маданий көйгөйлөр бар. Бул мыйзам менимче 3 же 4-жолу кабыл алынып жатат, ар бир министр келээр менен кабыл алган бул мыйзам эл арасында уу-дуу болуп эле, чоң резонанска айланып жатып калат. А бирок жыйынтыгы жок… Демек, бул жөн гана популисттик мыйзам! Эртең иштебей калса, демек, биздин министрлик мындан дагы пайдалуу иштер менен алек болуп атыптыр деп колдоп коелу!» — деп жазды ал.