Ырчы Адель турмушка чыгат

Британдык ырчы Адель 2021-жылдын жай мезгилинен тарта кыз-жигит мамилесинде болгон сүйүктүүсүнө турмушка чыгат. Анын атактуунун колун сураганын дүйнөлүк басылмалар өз булагына таянып жазышты.

41 жаштагы спорт агенти болуп иштеген Рич Пол менен 34 жаштагы Аделдин үйлөнүү тою ушул жылдын жай мезгилинде өтөрү маалымдалды. Ырчынын биринчи никесинен 2012-жылы туулган уулу бар. Адель ишкер болгон жолдошу менен 2021-жылы ажырашышкан.