Ырчы Адилет Азимов кырк жылкылуу болду

Кечээ, 27-декабрда ырчы Адилет Азимовдун жубайы көз жарды.

27-декабрь саат 10:00дө кыздуу болдук. Сүйүнүчүм ичиме батпай, бөлүшүп жатам. Кызыбыздын өмүрү узун болсун”,— деп жазды  ырчы мырза.

Ырчы Адилет Азимов менен продюсери Зарина Кыдыралиеванын үлпөт тою Бишкектеги тойканалардын биринде 29-январда өттү. Атасы уулунун үйлөнүү тоюн 7 жыл күткөнүн айткан.