Ырчы Айар ата статусуна ээ болот (видео)

«Карындаш», «Ардагым» ырлары менен коомчулукка таанылган ырчы Айар жакында ата статусуна ээ болот. Ал социалдык тармактагы баракчасына «гендер пати» уюштурган видеосун жарыялады.

«Биздин жашообуздагы жагымдуу кабар менен бөлүшкүбүз келди. Куттуктоолорду кабыл алабыз»,- деп жазды ал.

Ырчы Айар сүйүктүүсү Айданага 13-ноябрда баш кошкон. Үлпөт той Каракол шаарындагы ресторандардын биринде өткөн.