Ырчы Аида Багышбекованы эми тасмадан көрөбүз (видео)

Ырчы Аида Багышбекованы эми тасмадан көрөбүз. Ал социалдык тармактагы баракчасына тасмага тартылып жатканын айтты.

«Кыргыздын мыкты актёр, актриса, мыкты инсандары менен кино жаатында өзүмдү сынап жатам. Менин балалык кыялымдын бири. Кудайга шүгүр, ойлогон ой-максаттарым өз орду менен оорундалып келе жатат. Сиздерге биздин тасма жагат деген ойдомун. Колуман келишинче өзүмдүн образымды бышыра аткарганга аракет жасап жатам», — деп жазды ал.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Аида Багышбекова менен байланышканыбызда, тасмада ал башкы каармандын образын жаратарын айтты. «Ханбийке» деген тасма бүгүн тартылып баштады. Буюрса майдын аягында бет ачары өтөт», — деди ал.