Ырчы Айдана Дека: «Экинчи кызым төрөлгөндө жардамчы керек деп ойлоп жатам»

Биринчи кызыбызды Аваз экөөбүз эле бакканбыз. Ата-энелерибиз да келип жардам берип турушту. Экинчисине жардамчы керек деп ойлоп жатам. Бул тууралуу ырчы Айдана Дека СУПЕРТВ телеканалына берген маегинде билдирди.

«Кызыбыз чоңоюп калгандыктан апама таштап коёбуз. Апам кыркын чыгарып берген. Чынын айтсам, кыз кишиге эне аябай чоң колдоо көрсөтөт экен. Ошол үчүн апама аябай ыраазымын. Өзүнүн да толтура жумуштары бар, ошого карабастан бардык жолугушууларын таштап коюп, келип кызымды карап берет. Чоңойгон сайын эненин баркын билип баштайт экенсиң. Апам да (ред. кайнене) айылдан келип, 1-2 ай жардамдашты, бул мага абдан чоң колдоо болду«, — деди ал.