Ырчы Айнура Салахидинова көз жарды

Ырчы Айнура Салахидинова көз жарды. Ырчы айымды санаалаштары соцтармактагы баракчасы аркылуу куттуктап жатышат. Аны курбусу ырчы Роза Шакирова төмөндөгүдөй куттуктады.

«17-сентябрь түнкү саат 23:40та Айнура курбум кыз төрөдү. Бешик бооңор бекем болсун. Кызыктуу окуя айтайын эми. Кечээ күнү эки жар-жар алып алыпмын. Эсимден чыгып калыптыр. Анан эле тамадалар чалганда эки кафенин ортосу өтө эле алыс экен. Курбуларыма чалып баштадым, биринчи Айнурага чалып, «барып киргизип берчи» десем, «мен шеринеге барам, жетишпейм» деп башкача сүйлөп койду. «Бул кызга эмне болгон» деп таң калдым, башым катып Гүландага чалдым, Гүланда жетишип барып берди.

Көрсө, Айнура төрөтканада толготуп жаткан экен. Мен ичимден таарынып да койдум, Айнуранын унаасында көйнөктөрү бар болчу, «эмнеге барбайм» деп койду деп. Мен чалган учурда аябай толготуп жаткан экен. Эң башкысы Айнура аман-эсен көз жарып алды. Куттуктайм», — деп жазды ал.