«3 бөлмөлүү батирибизди кыялдагыдай жасап алдык». Ырчы Айпери Кубик кызы ак өргөлүү болду

Ырчы Айпери Кубик кызы ак өргөлүү болду. Бул жакшылыгы тууралуу ырчы айым СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине айтып берди.

«Буюрса, көңүлүбүздөгүдөй кылып үйүбүздү бүтүрүп, кирип алдык. Батирди көп кабаттуу жаңы курулуп жаткан үйлөрдөн, 8-кабаттан алдык. 3 бөлмөлүү. Эмеректер, ашкана эми гана бүтүп, бүгүн толук жайгаштык. Азыр жакындарыбызды чакырып, жыт чыгарып, түлөө кылганга камынып жатабыз», — дейт Айпери.