Ырчы Айпери Сыдыкова үчүнчү ирет апа болду

«Апакай аккуу» ыры менен көпчүлүккө таанылган ырчы Айпери Сыдыкова көз жарды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып, 2 ай мурда тартылган сүрөтү менен бөлүштү.

«Бүгүн, 31-мартта Ыйык Орозо айында, жума күнү үчүнчү наристебиз жарык дүйнөгө аман-эсен келди. Көз жарып алгыча сүрөт жүктөбөй эле жүрдүм эле. Эки ай мурунку сүрөтүм»,- деп жазды ал.

Ырчы айым менен анын жолдошу бир кыз, бир уулдуу тарбиялап келишет.