Ырчы Акбар Сүйүнбаев төртүнчү ирет ата болду

Ырчы Акбар Сүйүнбаев төртүнчү ирет ата болду. Кубанычтуу кабарын ырчы социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Кыргыз элинде дагы бир уул бала төрөлдү. Кубанычыбызда чек жок. 9 ай толгоо тартып, төртүнчү ирет ата статусуна ээ кылган жашоомдун жарымы, менин балдарымдын энесинин жана баламдын дени сак. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сендей назик, бирок күчтүү, сендей мээримдүү, бирок бекем жарга туш болгонума чексиз шүгүр кылам жана түбөлүккө жакшы көрөм. Урматтуу достор, сиздерден бата тилек күтөбүз жана кубанычыбызды тең бөлүшөбүз», — деп жазды ал.

Түгөйлөр буга чейин 3 уулду тарбиялап келишкен.