Ырчы, актриса Асема 38 жашка толду (видео)

Кечээ, 25-июлда ырчы жана актриса Асема Токтобекова 38 жашка толду.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги ырчы айым менен байланышканыбызда, туулган күнүн бул жылы кесиптештеринин, жакындарынын курчоосунда өткөргөнүн айтты.

«Жабык кече болду. Ал жерге эң жакын деген 23 адам келди. Чер жазып, сүйлөшүп отурдук. Негизи кече алдын ала пландалган эмес, «чер жазып, сүйлөшүп отуралы» деген сунуштан кийин өткөрүп калдым. Мага белектердин баалуулугу эмес, убакыт бөлүп, сыйлап келген адамдар, көңүл маанилүү. Эң биринчиден болуп да, жакындарым куттукташты», — деди ал.