Ырчы Алмаз Шаадаев сүйүктүүсүн ачыктап, жакында той болорун билдирди

Белгилүү эстрада ырчысы, клиптери миллиондогон көрүүлөрдү топтогон Алмаз Шаадаев сүйүктүүсүн ачыктады.

«Сүйүктүү менин угармандарым, сиздерден мага акыркы жылдары эң көп келген сурооңуздарга бүгүн менин жообум бар. Сүйүнүчтүү жооп, сүйүнчү туугандар. Кудайдын каалоосу менен өз сүйүктүүмдү жолуктуруп, бирге үй-бүлө куруу алдында турабыз. Менден кабатыр алып, тынымсыз сураган угармандарыма ыраазымын. Жакшылыгымды сиздер менен тең бөлүшөм», — деп жазды ал.