Ырчы Алсу ажырашкандан кийинки жашоосу тууралуу айтып берди

Бизнесмен Ян Абрамов менен 18 жыл чогуу жашагандан кийин расмий түрдө ажырашкан ырчы Алсу «Комсомольская правда» басылмасына берген маегинде анын жашоосу кандай өзгөргөнүн айтып берди. 

Ырчы ажырашкандан кийин биринчи жолу жалгыз калгандыктан, ага кыйын болгонун моюнга алган. Бирок кайраттуулук, жакындарынын колдоосу жана чыгармачылык анын бутуна туруусуна жардам берген. 

«Турмушка чыга электе атамдын, турмушка чыккан соң жолдошумдун карамагында болдум. 100 пайыз өз алдымча боло алган эмесмин. Мен үчүн жаңы баракты ачуу оор болду. Бирок оорудугуна карабай, кадам таштадым. Көрсө, мен өзүм ойлогондон да күчтүү экем. Жаңы дем, жаңы күч келди. Аялдардын колунан баары келет экен. Азыр алдыга жылып жатат. Жаңы долбоорлорду алдым. Дагы сунуштар түшүп жатат. Өзүмдү бардык тармактан сынап көрөм», — деди ырчы.

Жубайлардын ортосунда үч бала бар. Кыздары Сафина 17 жашта жана Микелла 15 жашта, ошондой эле уулу Рафаэль 7 жашта. Буга чейин ырчы эми сахнага бат-баттан чыга турганын айтып, күйөөсү менен ажырашуусуна көзүнө чөп салуу себеп болгонун коомчулукка ачыктаган.